top of page
  • Writer's pictureSPAR

Гаспачо шорпоу

Даамдуу жана топуктуу түшкү тамактын рецепттери жөнүндө эмне айтууга болот? Сиз туура жердесиз, бизде бар!


Гаспачо – салттуу тамак жана андалузк ашканасынын символу, нанга кошулган жаңы жашылчалардан (помидор, калемпир жана бадыраң) эзме жасалган кызыл түстөгү жеңил муздак шорпо. Ысык испан жайында популярдуу болгон муздак шорпо-салаты клетчаткага, витаминдерге жана антиоксидантка бай[. Окрошка же муздак борщтун даамына окшоп кетет, ал эми даярдоо ыкмасы боюнча – орус тюросу. Гаспачодо жаныбар азыктары жок, ошондуктан вегетариандык жана вегандык ашканага кирет!



Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 800 г

Кызыл таттуу калемпир – 400 г

Бадыраң – 300 г

Ак нан – 150 г

Тресканын боору – 100 г

Сарымсак – 3 даана

Лимон ширеси – 2 чоң кашык

Зайтун майы – 40 мл

Туз, кара майдаланган калемпир татымына жараша


Азыктарды алуу үчүн сөзсүз SPAR`га баш багыңыз

Даярдоо ыкмасы:

Нанды тилимдерге кесип туурап алабыз. Бир-эки бөлүгүн чарчы туурап, электр мешине салып кызарганга чейин кургатып, алып коё турасыз. Калган нанды казанга салып, лимондун ширесин нанга сыгыңыз. Помидорду кайнак сууга салып буулантып, кабыгын аарчып аласыз. Бөлүктөргө бөлүп, нандын үстүн салыңыз. Помидордун жарымын кичинекей чарчы кесимдерге кесип, алып коё туруңуз. Бадыраңды кабыгын аарчып, калемпирдин ичиндеги уруктарын тазалап салыңыз. Жашылчаларды чоң-чоң туурап, дагы эле бир аз бөлүгүн кичинекей чарчы кесимдерге кесип, аны да дасторконого кошуп койгонго алып коё турабыз.


Помидор менен нанга чоң-чоң тууралган жашылчаларды жана сарымсакты кошуп, туз салып, бир-эки аш кашык зайтун майын куябыз. Эгер ачууну жактырсаңыз, жаңы же кургатылган чили кошуңуз. Салынгандардын баарын блендер менен баарын майдалап пюре кылыңыз. Эгер өтө коюу болуп калса, кайнатылган же минералдык суудан бир аз кошуңуз. Даамын татып, татымына жараша туз, уксус же лимон ширесин кошуп коюңуз. Муздаткычка жок дегенде 30 мүнөт коюу керек, гаспачо муздак кезинде даамдуу, бул маанилүү! Муздатылган гаспачону тарелкаларга куюп, бир кесим треска боорун кошуп, чарчы тууралган жашылчаларды, куурулган нанды жана чөптөрдү (каалоого жараша) себиңиз. Дароо дасторконго бериңиз!


Гаспачо шорпосунун рецепти даяр, тамагыңыз таттуу болсун! ;)



Commentaires


Les commentaires ont été désactivés.
bottom of page