Кечки тамак – тамактануунун эң жагымдуу учуру, анда бүт үй-бүлөңүз менен чоң дасторкондун тегерегине чогулуп, күнү бою болгон бардык жагымдуу иштерди жана көз ирмемдерди талкуулап, даамдуу тамактарды жана жыпар жыттуу чайдан ырахат ала аласыз.
SPAR «Ашкана» ашпоздорунан пайдалуу кечки тамактын рецептин сунуштайбыз.
Табитти ачкан натыйжасы бар ийгиликтүү курам – тооктун сан эти жана куурулган картошка менен куурдак. Таттуу калемпир жана помидор ширелүү кылса, сарымсак, паприка жана кара мурч мыкты даам жана жагымдуу ачуулукту кошот. Тамак татымалдардын жана жаңы көк чөптөрдүн жыты менен каныккан, тооктун эти жумшак, ал эми ичиндеги назик картошка табитти ачкан кабык менен капталган. Жыпар жыттуу жана даамдуу!
Керектелүүчү азыктар:
Азыктар (3 порцияга)
Тоок филеси (сан эти) – 500 г (3 дн.)
Картошка – 600 г
Кызыл болгар калемпири – 200 г
Помидор – 100 г
Пияз – 130 г
Сарымсак (өтө чоң эмес) – 4 тишче
Жаңы петрушка – 20 г
Жаңы укроп – 10 г
Туз – татымына жараша
Кара майдаланган мурч – тамымына жараша
Майдаланган паприка – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы - 60-75 мл (4-5 чоң кашык)
Даярдоо ыкмасы:
Тизмеге ылайык азыктарды даярдаңыз. Тооктун сан этинин сулп этин (филесин) төш эт же тооктун башка бөлүгү менен алмаштырууга болот. Кургак азыктарды жана сарымсактын өлчөмүн табитиңизге жараша тууралаңыз. Картошканы, пиязды жана сарымсакты аарчып, тазалап-жууңуз.
Тооктун этин майда бөлүктөргө туураңыз.
Тоок этин идишке салып, 0,5 чай кашык туз жана паприка, 2 чымчым кара мурч жана 1 аш кашык өсүмдүк майын кошосуз. Аралаштырыңыз.
Калган майды терең, кең табага куюп, ысытып, тоок этин салабыз. Тоок этин бардык тарабын орточо отто 10-12 мүнөт кууруп алабыз. Андан кийин тарелкага чыгарыңыз.
Тоок эти куурулгучу пиязды ичке жарым шакекчелерге, ал эми картошканы төрткө бөлүңүз.
Көмөч казанда ашкан майга картошканы салып, орточо отто 12-14 мүнөт кууруп алыңыз.
Таттуу калемпирди тазалап, ичке тилим кылып туурайсыз, помидорду орточо кесимдерге бөлүңүз.
Тазаланган сарымсак, петрушка жана укропту майда туурайсыз.
Ага чейин картошка сары түстө куурулуп даяр болуп калат. Аны тарелкага салыңыз.
Көмөч казанга пиязды салып, аралаштырып 5 мүнөт куурабыз.
Таттуу калемпирди кошуп, аралаштырабыз. Улам аралаштыруу менен дагы 5 мүнөт кууруу керек.
Куурулган пияз менен калемпирге картошка менен тооктун этин кошобуз. Помидор, сарымсак жана көк чөптөрдү салыңыз. Аралаштырыңыз.
Туз (1 чай кашык), майдаланган кара мурч (0,25 чай кашык), майдаланган паприка (0,5 чай кашык) кошуп, аралаштырабыз. Табаны капкак менен жаап коюңуз.
Тоок эти жана жашылчалар толук бышканга чейин орточо отто 7-10 мүнөт бышырыңыз. Картошка кошулган тоок этинен куурдак даяр.
Тамагыңыз аш болсун!
Comments