Lunch – түштөн кийинки тамак же түшкү тамак: күндүз кабыл алынган тамак (көбүнчө саат 12ден 16:00гө чейин). Кээ бир өлкөлөрдө, жумуш күнүнүн аягына чейин күч-кубатты сактоо үчүн бул учурда жеңил тамак жеген салт болуп калган.
Биз SPAR «Ашкана» ашпоздорунан пайдалуу түшкү тамактын рецептин сунуштайбыз.
Бул сырниктер абдан жөнөкөй, ошондой эле абдан жумшак! Көңүл буруңуз – биз камырга унду ашыкча кошпойбуз жана камырдан колбаса жасабайбыз: биз жөн гана быштак камырынын майда порцияларын унга оонатабыз. Мунун аркасында сырниктер көрүнүп тургандай кабыкка ээ болот, бирок ичинде крем сымал текстураны сактап калат. Алар жадакалса оладьиге да окшоп кетет, а бул баласы быштак жебеген энелерге абдан жакшы.
Керектелүүчү азыктар:
Мейиз – 60 г
Быштак – 500 г
Шекер – 60 г
Жумуртка – 2 шт.
Ун – 3 чоң кашык ун + 2-3 чоң кашык панировкага
Кууруу үчүн өсүмдүк майы
Азыктарды алуу үчүн сөзсүз SPAR`га баш багыңыз
Даярдоо ыкмасы:
Сырниктер үчүн мейизди даярдаңыз. Бул үчүн аны жууп, идишке салыңыз. Үстүнө ысык суу куюп, 10 мүнөткө коюп коюңуз. Андан кийин чыпкага салып, суусун сарыктырыңыз. Кагаз сүлгү менен кургатыңыз.
Эми сырник үчүн камыр жууруңуз. Быштакты майда чыпкадан өткөрүңүз. Эгер өтө нымдуу болсо, алгач аны төрт бүктөлгөн дакиге салып, учтарын өйдө көтөрүп байлап, “түйүн” жасаңыз.
Даяр болгон быштакты чоң идишке салыңыз. Шекерди кошуп, аралаштырыңыз. Жумуртканы венчик менен чалып, быштактын үстүнө куябыз. Жакшылап аралаштырасыз.
Быштак массасына эленген унду кошуп аралаштырасыз. Эми мейизди кошуңуз. Дагы жакшылап аралаштырыңыз. Сырниктин камырын бир аз тыныктырып коюңуз (бөлмө температурасында 10 мүнөттөй).
Калган унду столго электен өткөрүңүз. Нымдуу колуңуз менен быштак камырын майда бөлүктөргө бөлүп, унга оонатып алыңыз. Алынган зубалаларды 10 мүнөткө тыныктырып коюңуз, андан кийин кайра унга оонатыңыз.
Диаметри 26 см кем эмес чоң көмөч казанга бир аз өсүмдүк майын куюп ысытыңыз. Даяр болгон сырниктерди салып, бир жагын кызаргыча кууруп алабыз. Сырниктерди кепкур менен берки бетине оодарып, экинчи тарабын кууруп алабыз. Андан кийин казандын капкагын жаап, отту азайтыңыз. Сырниктерди дагы 5 мүнөт оттун табында кармаңыз. Каймак же табитиңизге жараша каалаган соус менен дасторконго берсеңиз болот.
Жеңил жана пайдалуу Lunch даяр.
Аш болсун!