Жакында дүйнөгө белгилүү SPAR супермаркеттер тармагы кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болот. Жакынкы күндөрү Бишкек жана Балыкчы шаарларында республикадагы алгачкы эки дүкөндөр ачылат, алардын расмий өкүлү ата мекендик «Умай Групп» ритейлер компаниясы болуп саналат.
SPAR — төрт континенттеги 48 өлкөдө 13,6 миңден ашык дүкөнү бар эл аралык чекене соода түйүнү.
Түйүндүн аталышы анын ураанынын биринчи тамгаларынан келип чыккан: «Door Eendrachtig Samenwerken Profiteren Allen Regelmatig», ал голланд тилинен которгондо: "Биз бардыгыбыз кызматташуудан жеңишке жетебиз".
Ураанынын негизинде, дээрлик бир кылымдык тарыхта SPAR чакан бирикмеден Батыштын гана эмес, Борбордук жана Чыгыш Европанын, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн, Азиянын жана Африканын рынокторун багындырган глобалдык эл аралык түйүнгө айланып, дүйнө жүзү боюнча кардарлардын ишенимине ээ болду.
Былтыр күздө Алматы шаарында эл аралык соода түйүнү казакстандыктар үчүн эшигин ачкан. Мына эми бир нече айдан кийин SPAR Кыргызстанга келип жатат.
SPAR тармагынын аны башка тармактардан айырмалап турган негизги өзгөчөлүктөрү – бул дүйнөлөрдүн бир түрү: жашылчалар жана жемиштер, табигый ингредиенттерди колдонуу менен европалык рецепттер боюнча даярдалган кондитердик азыктар, кулинария, нан азыктары жана жыпар жыттуу нан.
SPAR үчүн дагы бир негизги айырмасы – даяр тамактар боюнча чечимдери саналат. Дүкөнгө кандай максат менен келгениңизге карабастан - бул сиз кеңсеге алып барып жесеңиз боло турган жеңил эртең мененки тамактар жана бизнес-ланчтар болсун, же майрамдык дасторкондук толук кандуу сервировкасы болсун. Даяр тамактардын кенен тандоосу өзүңүз үчүн жаңы жана өзгөчө тамакка буюртма берүү мүмкүнчүлүгү менен толукталат. Мындан тышкары SPAR кардарларга тандаган тамагы кандай жана кайсы азыктардан даярдалып жатканын байкап турууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Бардык процесс ачык кулинардык станцияларда ишке ашат.
Мындан сырткары Кыргызстандагы SPAR жергиликтүү сатып алуучуларга европалык жогорку сапаттагы товарларды жеткиликтүү баада алууга мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн бул Кыргызстандын SPAR дүкөндөрүн продукциялар менен жабдуу боюнча да, SPAR бренди менен эксклюзивдүү товарларды чыгаруу боюнча да келишимдерди түзүү аркылуу таптакыр жаңы деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү.
2021-жылы SPARдын дүйнөлүк жүгүртүүсү 41,2 миллиард еврону түздү. Тармактын 410 миңден ашык кызматкерлери күн сайын 14 миллион кардарларга алдыңкы кызматтарды көрсөтөт.
SPAR текшерилген жана ишенимдүү жабдуучулар жана өнөктөштөр менен гана иштейт. SPAR тармагынын Кыргызстандагы расмий өкүлү «Умай Групп» компаниясы жумушка болгон мамилеси менен бренддин көп жылдык салттарын жана принциптерин улантат.
Кыргызстандын рыногуна эл аралык бренддердин келиши өзгөчө маанилүү. Бул сатып алуучулардын чындап жаңы нерсеге жетүүсү гана эмес, ошондой эле жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу жана жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүү.
Кыргызстандагы SPAR жаңылыктарынан кабардар болуңуз!
Comments