top of page

 "SPAR Клубунун" толук эрежелери

1. Колдонулуучу терминдер

1.1 Ушул Эрежелерде төмөнкү негизги терминдер колдонулат, алар төмөндө берилген аныктамаларына ылайык чечмеленет:

1.2 Компания:

“Умай Групп” жоопкерчилиги чектелген коому, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Лоялдуулук программасын ишке ашырган юридикалык жак.

Жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чокон Валиханов көч., 16.

ИУЖК: 23320546;

ИСН: 01007200310037.

1.3 Лоялдуулук программасы (Программа) – Карта ээлери үчүн Компаниянын ушул Лоялдуулук программасы. Программанын эрежелери Карталарды колдонуу менен SPAR соода түйүнүнүн дүкөндөрүнөн Товарларды сатып алууда Карта ээлеринин активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Программага катышуу жөнүндө келишим түзүү боюнча сунуш болуп саналат. Программа Лоялдуулук программасында белгиленген негиздер боюнча Товарларды сатып алууда активдүүлүктү мүнөздөгөн Бонустарды чегерүүнү карайт, ошондой эле Катышуучунун ага чегерилген Бонустарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн жана шарттарын карайт.
1.4 Акция – Программанын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралардын комплекси, анын жүрүшүндө Катышуучуларга Бонустар чегерилиши, Компаниянын Товарларынын айрым түрлөрүнө атайын баалар белгилениши мүмкүн, ошондой эле Акциянын тиешелүү эрежелеринде көрсөтүлгөн тейлөөнүн башка шарттары берилиши мүмкүн. Акциялар, аларды өткөрүү шарттары жөнүндө маалымат Компаниянын сайтында жана SPAR мобилдик тиркемесинде жарыяланат. Акциялар Компания тарабынан да, аны менен макулдашуу боюнча үчүнчү жактар тарабынан да өткөрүлүшү мүмкүн.

1.5 Бонустар – Программанын эрежелерине ылайык жана өткөрүлүүчү Акциялардын алкагында Катышуучуга анын Эсебине чегерилүүчү шарттуу виртуалдык бирдиктер.

1.5.1 Чегерилген Бонус – Компания тарабынан Программанын же Акциянын эрежелерине ылайык Катышуучунун Эсебине чегерилген Бонус. 1 (бир) Бонус 1 (бир) сомго барабар.

1.5.2 Эсептен алынган Бонус – Компания тарабынан Программанын же Акциянын эрежелерине ылайык Катышуучунун эсебинен эсептеп алынган Бонус.

1.5.3 Пайдаланылган Бонус – Карта ээси Товарларды сатып алуу учурунда пайдаланган Бонус.

1.6 Карта ээси (мындан ары – Ээси) – 18 (он сегиз) жашка толгон жана Программага катталган Картага ээ болгон жеке адам. Лоялдуулук программасы 18 (он сегиз) жаштан улуу адамдар үчүн гана арналган.

1.7 Программанын Катышуучусунун Карталарынын түрлөрү

Электрондук карта (мындан ары – электрондук Карта) – SPAR мобилдик тиркемесинде таризделген, жеке номери бар электрондук карта. Электрондук картанын эмитенти Компания болуп саналат;

1.7.1 Картанын дизайны Компаниянын өндүрүштүк муктаждыктарына жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.

1.8 Купон – бул белгилүү бир товарга же товарлардын категориясына арзандатууларды алууга укук берүүчү документ, код же башка идентификатор.

1.9 Жеке кабинет – SPAR мобилдик тиркемесиндеги Катышуучунун жеке баракчасы, анда Катышуучу жөнүндө, Катышуучуга жеткиликтүү Бонустардын саны жөнүндө маалымат, анын ичинде эсептелген жана чыгарылган бонустар жөнүндө, ошондой эле жеке Акциялар жана Арзандатуулар жөнүндө маалымат камтылган.

1.10 Сүйүктүү товар – Программанын Катышуучусу Мобилдик тиркемеде ага сунушталган товарлардын тизмесинен өз алдынча тандап алган, аларды сатып алуу үчүн Программанын эрежелерине ылайык кошумча арзандатуу берилген, Товарлардын топтору.

1.11 SPAR мобилдик тиркемеси (мындан ары Мобилдик тиркеме) – IOS жана Android платформаларынын базасында мобилдик түзүлүшкө орнотулуучу (жүктөлүүчү) программалык камсыздоо. Мобилдик тиркеменин укук ээси Компания болуп саналат. Программанын алкагында Мобилдик тиркеменин жардамында Катышуучу Мобилдик тиркеменин функционалында каралган аракеттерди жасай алат, анын ичинде:

  • сүйүктүү товарды тандоо;

  • SPAR соода түйүнүнүн дүкөндөрүнүн кассаларында Сатып алууларды жүргүзүүдө Картанын штрих кодун колдонуу;

  • Бонустарды чегерүү жана эсептен алуу тарыхын көрүү;

  • Катышуучунун күндөлүк Эсеби жөнүндө маалымат алуу;

  • пайдалуу жеке сунуштарды алуу жана көрүү;

1.12 Дүкөндөр – Лоялдуулук программасы колдонулган жана Товарларга Бонустар менен төлөө мүмкүнчүлүгү каралган, Компанияга таандык SPAR соода түйүнүнүн дүкөндөрү. Дүкөндөр SPAR бренди менен гипермаркеттерге, супермаркеттерге бөлүнөт.

1.13 Компаниянын өнөктөшү – Карта ээлери үчүн артыкчылыктарды, атайын сунуштарды берген жана Компаниянын Акцияларына катышкан юридикалык жак.

1.14 Сатып алуу – Катышуучунун SPAR соода түйүнүнүн дүкөндөрүндө сатылуучу Товарларды Картаны колдонуу менен сатып алышы.

1.15 Программанын эрежелери (Эрежелери) – ушул эрежелер жана Программага катышуу шарттары, анын ичинде Бонустарды чегерүү, топтоо жана пайдалануу шарттары.

1.16 Артыкчылыктар – Товарларды атайын баада жана/же арзандатуулар менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү, Бонустарды чегерүү жана пайдалануу, ошондой эле Компания тарабынан же Компания менен макулдашуу боюнча башка жактар тарабынан өткөрүлүүчү атайын акцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү.

1.17 Программага катталуу (мындан ары – Катталуу) – Катышуучунун Программага кирүүгө багытталган аракеттеринин жыйындысы, ал жеке маалыматтарын көрсөтүү менен, Мобилдик тиркемедеги Электрондук анкетаны же SPAR соода түйүнүнүн дүкөндөрүнүн кассасындагы Кагаз анкетаны толтуруу аркылуу ишке ашырылат, бул Программанын Эрежелеринин шарттарын ачык, толук жана шартсыз кабыл алууну билдирет.

1.18 Компаниянын сайты – Интернет тармагындагы www.spar.kg сайты

1.19 Программанын Катышуучусунун эсеби (Эсеп) – Компания тарабынан жүргүзүлүүчү, баланс, чегерилген жана эсептен алынган Бонустар жөнүндө маалыматты камтыган электрондук маалымат реестри. Программанын алкагындагы Эсеп эч кандай учурда банктык, топтоочу же башка финансылык эсептин кандайдыр бир түрү болуп саналбайт жана болушу мүмкүн эмес.

1.20 Товарлар (Товар) – Дүкөндөрдө, ошондой эле Сайтта жана SPAR Мобилдик тиркемесинде сатылуучу товарлар.

1.21 Программанын Катышуучусу (мындан ары жана мурда – Катышуучу) – ушул Эрежелерге ылайык Программага катталган Картанын ээси.

1.22 Электрондук анкета – Картанын ээсинин жеке маалыматтарын киргизүү үчүн электрондук форма, аны толтуруу, анын ичинде Программага катышууга жана Компаниядан коммуникациялык билдирүүлөрдү алууга макулдукту билдирүү болуп саналат. Электрондук анкета Мобилдик тиркемеде катталууда жеткиликтүү.

 

2. Жалпы жоболор

2.1 Ушул Лоялдуулук программасынын эрежелери Программага катышуу шарттарын жана тартибин, өткөрүлүүчү ордун, мөөнөттөрүн жана Карта ээлеринин Программага катышуусунун башка шарттарын аныктайт.

2.2 Программага катышуу ыктыярдуу болуп саналат жана Компаниянын товарларын сатуунун же кандайдыр бир кызмат көрсөтүүлөрүнүн шарты болуп саналбайт.

2.3 Программага кирген катышуучу бул эрежелерди толук жана шартсыз кабыл алат жана аларды аткарууга милдеттенет.

2.4 Эрежелер Компаниянын сайтында/Мобилдик тиркемеде, ошондой эле Компаниянын кароосу боюнча башка булактарды колдонуу менен жайгаштырылат.

2.5 Программа Компаниянын чечими менен аны жокко чыгарганга чейин колдонулат. Программанын аяктаганы жөнүндө маалымдоо Компаниянын Сайты/Мобилдик тиркемеси аркылуу, ошондой эле Компаниянын кароосу боюнча башка булактарды колдонуу менен ишке ашырылат.

2.6 Эрежелерди билбөө Карта ээлери тарабынан кандайдыр бир дооматтарды коюу үчүн негиз болуп саналбайт.

2.7 Компания мындай чыгымдарды төлөө милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралган же мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынан келип чыккан учурлардан тышкары, кыйыр чыгымдар, албай калган пайда үчүн, ошондой эле үчүнчү жактардын аракеттеринен же Картаны укук ченемсиз пайдалануудан келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

2.8 Программага катышуунун алкагында Компания Катышуучунун жеке маалыматтарын Купуялуулук саясатына жана Мобилдик тиркемеде жана www.spar.kg сайтында жеткиликтүү болгон Колдонуучулук макулдашууга ылайык иштеп чыгат.

2.9 Катышуучу Программанын алкагында жеке маалыматтарды жана санарип жазууларды иштеп чыгуу Купуялуулук саясатына жана Мобилдик тиркеменин Колдонуучулук макулдашуусуна ылайык жүргүзүлө турганын тааныйт жана макул болот.

2.10 Катышуучу Программага катышууга байланыштуу бардык маалыматты (Бонустарды чегерүүлөрдүн жана эсептен алуулардын, операциялардын кайрылуулардын тарыхы, купондор) машинада окулуучу форматта (JSON, CSV, XML) алууга жана эгерде бул техникалык жактан мүмкүн болсо, бул маалыматтарды санарип сервистин башка сунуштоочусуна көчүрүүгө укуктуу.

3. Программада катталуу

3.1 Программага катышуу ыктыярдуу болуп саналат жана товарларды же кызматтарды сатып алуунун милдеттүү шарты болуп саналбайт.

3.2 Катышуучу Мобилдик тиркемедеги Электрондук анкетаны толтуруу аркылуу Программага катталат. Катышуучунун жогоруда белгиленген ыкма менен катталганы Программанын эрежелерин ачык, толук жана шартсыз кабыл алгандыгын билдирет.

3.3 Катышуучу Электрондук анкетаны толтурууда берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Электрондук анкетаны толтуруу менен Катышуучу алардын аныктыгын күбөлөндүрөт жана кепилдейт. Компания өз ишинде каттоодо көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгына таянат.

 

4. Электрондук картаны тариздөө жана санарип жазууларды сактоо

4.1 Электрондук Карта Мобилдик тиркемеде каттоону аяктагандан кийин дароо чыгарылат жана Карта ээсине Мобилдик тиркемеде колдонууга жеткиликтүү болот.

4.2 Электрондук Карта акысыз чыгарылат.

4.3. Компания Программага катышуу жөнүндө санарип жазууларды (чегерүүлөрдүн, эсептен алуулардын, транзакциялардын, кайрылуулардын тарыхы) сактайт жана эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Катышуучунун жазуу жүзүндөгү же санарип суроо-талабы боюнча аларды машина окуй турган форматта (JSON, CSV, XML) берет.

                                                                                                                          

5. Электрондук картаны активдештирүү, Картаны пайдалануу

5.1 Электрондук картаны активдештирүү кардар Мобилдик тиркемеде каттоо процессин аяктагандан кийин автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

5.2 Картаны Бонустарды эсептен алуу максатында колдонуу үчүн Катышуучу сатып алуулар үчүн төлөгөнгө чейин аны Эрежелердин 1.7.1-пунктунда көрсөтүлгөн каалаган түрдө кассага көрсөтүшү керек.

6. Электрондук картанын колдонуу мөөнөтү

6.1 Электрондук картанын колдонуу мөөнөтү аныкталган эмес.

6.2 Компания электрондук картанын колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле аны пайдалануу эрежелерин каалаган убакта Карта ээси менен макулдашуусуз өзгөртүүгө укуктуу.

7. Бонустарды чегерүүнүн жана пайдалануунун жалпы эрежелери

7.1 Бонустар электрондук акча, валюталык баалуулук, төлөм каражаты, аманат же башка финансылык инструмент болуп саналбайт. Бонустарды акчага алмаштырууга болбойт, накталай берилбейт жана Катышуучу тарабынан акчалай түрдө талап кылынбайт.

7.2 Топтолгон Бонустарды Ээси 5 (беш) айдын ичинде сарпташы керек. 5 (беш) ай өткөндөн кийин Ээси топтогон бонустар Компания тарабынан Картадан алынат.

7.3 Бонустарды чегерүү жана эсептен алуу бир календардык күндүн ичинде жасалган алгачкы 5 (беш) сатып алууга гана жүргүзүлөт.

7.4 Бир убакта 100 (жүз) сомдон 400 (төрт жүз) сомго чейинки сатып алуулар үчүн ар бир 100 (жүз) сом үчүн 1 (бир) Бонус чегерилет.

7.5 Бир убакта 400 (төрт жүз)  сомдон 800 (сегиз жүз) сомго чейинки сатып алуулар үчүн ар бир 100 (жүз) сом үчүн 3 (үч) Бонус чегерилет.

7.6 Бир убакта 800 (сегиз жүз) сом жана андан өйдө сатып алуулар үчүн Ээсинин Картасына ар бир 100 (жүз) сом үчүн 5 (беш) Бонус чегерилет.

7.7 Тамеки жана тамеки буюмдарын сатып алуу үчүн бонустар чегерилбейт, тамеки жана тамеки буюмдарын сатып алуу суммасы акыркы суммага жетүүгө катышпайт.

 

Бонустарды пайдалануу

7.8 1 (бир) Бонус=1 (бир) сом. Бонустар менен чектин жарымынан көп эмеске төлөөгө болот.

 

МИСАЛЫ: Эгерде Ээсинин Картасында 900 (тогуз жүз) Бонус топтолгон. Ээси 600 (алты жүз) сомго сатып алды. Бул сатып алуунун жарымын, атап айтканда, 300 (үч жүз) сомун Ээси топтолгон Бонустары менен төлөй алат.

 

7.9 Бонустарды колдонуу эрежелери жөнүндө кеңири маалыматты каалаган Дүкөндөгү маалымат тактачасында же кардарларды колдоо борборунун телефону аркылуу алууга болот.

 

8. Акциялар

8.1 Программанын алкагында Акциялар өткөрүлүшү мүмкүн. Акция өткөрүлгөн мезгилде ушул Эрежелерде саналбаган атайын шарттар убактылуу белгилениши мүмкүн.

8.2 Акция жөнүндө маалымат Катышуучуларга Компаниянын Сайтына жана/же Мобилдик тиркемеге тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу жеткирилет. Катышуучуларга SMS, push-билдирүүлөр жана башка электрондук билдирүүлөр аркылуу маалымдоо, Купуялуулук саясатында белгиленген тартипте Катышуучунун макулдугу болгондо гана ишке ашырылат.

8.3 Эгерде Акциянын шарттарында башкача каралбаса, ар бир Катышуучу Акцияга катыша алат.

8.4. Лоялдуулук картасы боюнча акциялар бир календардык күндүн ичинде жүргүзүлгөн алгачкы 5 (беш) сатып алууга гана колдонулат.

 

9. Товарды кайтарууда/алмашууда берилген Бонустар жөнүндө жазууларды оңдоо

9.1 Программанын алкагында Катышуучу тарабынан сатылып алынган Товарды алмаштыруу/кайтаруу Катышуучу Дүкөндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда Картаны көрсөткөндө жүргүзүлөт.

9.2 Программанын алкагында Катышуучу тарабынан сатылып алынган Товарды алмаштыруу/кайтаруу учурунда, Катышуучуга бул Товарды сатып алууда берилген Бонустардын саны жөнүндө маалыматка оңдоо киргизилет.

9.3 Катышуучу тарабынан топтолгон Бонустарды колдонуу менен сатылып алынган Товарды алмаштыруу/кайтаруу учурунда, Катышуучуга бул Товарга арзандатууларды берүүдө эсептен алынган Бонустардын санына туура келген санда Бонустар кайтарылат.

 

10. Жеке сунуштар жана Купондор

10.1 Жеке сунуштар жана Купондор берилет:

  • Дүкөндөрдө сатып алганда чекке кошумча документ-слипке басып чыгаруу аркылуу;

  • Мобилдик тиркемеге жайгаштыруу аркылуу;

  • Компаниянын кароосу боюнча башка жолдор менен.

10.2 Жеке сунуш жана Купон Компаниянын чечими боюнча Катышуучуга берилет жана Катышуучуга төмөнкү Артыкчылыктарды бериши мүмкүн:

  • конкреттүү товарды же товарлардын конкреттүү категориясындагы товарларды сатып алууга пайыздык же акчалай арзандатуу;

  • Компаниянын кароосу боюнча башка Артыкчылыктар.

10.3 Дүкөндөрдө Сатып алуучулар тарабынан Купондорду колдонуу шарттары:

  • Купонду Компания тарабынан аныкталган конкреттүү Купондун шарттарына жараша 1 (Бир) жолу же 1 (Бир) жолудан ашык колдонууга болот;

  • Купондун жарактуулук мөөнөтү бар жана тиешелүү Купондун жарактуулук мөөнөтү ичинде гана колдонулушу мүмкүн;

  • Купон бир чекте башка Купондор менен кошулбайт: бир сатып алууда (бир чек боюнча) 1 (Бир) Купон гана колдонулушу мүмкүн;

  • Купон башка Акциялар менен кошулбайт: Акцияларга катышкан товарларды сатып алууда Купонду колдонууга болбойт;

  • Купонду, анын ичинде Купондон алынган маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө болбойт.

10.4 Мобилдик тиркемедеги “Сүйүктүү товар” опциясы Катышуучуга жеке арзандатуу колдонула турган 3 (үч) сүйүктүү товарды тандоого мүмкүндүк берет. Сүйүктүү товарларды суткасына 1 (бир) жолу гана өзгөртүүгө болот. 

 

11. Корутунду жоболор

11.1 Компания Программанын эрежелерине бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат. Эрежелердин жаңыланган редакциясы Компаниянын сайтында жана Мобилдик тиркемеде жайгаштырылат. Программанын маанилүү шарттары өзгөртүлгөн учурда (анын ичинде Бонустарды чегерүү жана эсептен алуу эрежелери, Бонустарды колдонуу мөөнөттөрү, аларды колдонуу боюнча чектөөлөр) Компания Катышуучуларга Мобилдик тиркеме аркылуу жана/же башка жеткиликтүү ыкмалар менен өзгөртүүлөр күчүнө кирген күнгө чейин кеминде 1 (бир) ай мурда кабарлайт.

11.2 Программаны коммерциялык, ишкердик максаттарда колдонууга тыюу салынат. Компания Катышуучунун Программаны коммерциялык, ишкердик максаттарда колдонуп жатканына шектенген учурда анын Картасын бөгөттөөгө укуктуу. Бөгөттөөгө алып келген себеп Катышуучу тарабынан жоюлган же ал керектүү документтерди/түшүндүрмөлөрдү берген учурда Картаны бөгөттөө токтотулат. Бөгөттөө мезгилинде жасалган операциялар боюнча Бонустар чегерилбейт.

11.3 Дүкөндөрдө Товарларды сатуу Дүкөндөрдүн иштөө графигин жана иштөөдөгү технологиялык тыныгууларды эске алуу менен жүргүзүлөт.

11.4 Профилактикалык иштерди жүргүзүү/техникалык тыныгуулар учурунда, ошондой эле башка техникалык себептер боюнча (байланыш каналдарынын иштебей калышы же үзгүлтүккө учурашы, электр кубаттандыруунун үзгүлтүккө учурашы жана жабдуулардын жана программалык камсыздоонун ишиндеги техникалык жана/же технологиялык үзгүлтүктөрдүн башка учурлары) Бонустарды чегерүү жана/же арзандатууларды берүү жүргүзүлбөйт. Көрсөтүлгөн учурларда Бонустарды берүү жана/же арзандатууларды алуу үчүн Катышуучу жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын аякташын күтүшү керек.

11.5 Катышуучу жана Компания Программага катышууга байланыштуу келип чыккан жана/же пайда болгон талаш-тартыштарды жөнгө салуунун дооматтык (сотко чейинки) тартибин сактоо милдеттүү экендигин таанышат. Санарип сервистин сапатына байланыштуу маселелер боюнча биринчи кайрылуу (даттануу) Компания тарабынан Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген мөөнөттө каралат (эреже болгондой, 5 (беш) жумуш күнгө чейин). Бонустарды эсептөөгө, Артыкчылыктарды колдонууга жана Программанын башка шарттарына байланыштуу дооматка толук жооп тиешелүү доомат алынган учурдан тартып 30 (отуз) жумуш күндөн кеч эмес жөнөтүлөт. Макулдашууга жетишилбеген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында башкача каралбаса, талаш-тартыш Компаниянын жайгашкан жери боюнча сотто чечилүүгө тийиш.

11.6 Эгерде Картанын ээси аны пайдалануу эрежелерин бузса, Компания Картаны жокко чыгарууга укуктуу.

11.7 Эгерде Картанын сүрөтү же анын маалыматтары Карта ээси же башка адам тарабынан интернетке жайгаштырылса, же башка жол менен жалпыга жеткиликтүү кылынса, Компания бул тууралуу Катышуучуга Мобилдик тиркеме аркылуу кабарлоо менен, Картаны убактылуу бөгөттөөгө укуктуу.

11.8 Компания Эрежелерди бузуунун же алдамчылыктын белгилери болгон учурда бул тууралуу Катышуучуга Мобилдик тиркеме аркылуу кабарлоо менен, Картаны убактылуу бөгөттөөгө укуктуу.

11.9 Катышуучу Мобилдик тиркеме аркылуу Программага катышууну токтотууга укуктуу. Бардык Бонустар катышууну токтоткон күнү күйүп кетет жана калыбына келтирилбейт. Компания жеке маалыматтарды Купуялуулук саясатына ылайык өчүрөт.

11.10 Катышуучу жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.

12. Чектөөлөр жана артыкчылыктар

12.1 Программанын бир Катышуучусуна бир гана активдүү Карта таандык болушу мүмкүн. Бул эреже алдамчылыктын жана программаны кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу максатында киргизилген, санарип укуктарды чектөө болуп саналбайт.

12.2 Бир сатып алуучунун сатып алуу учурунда бирден ашык Картаны колдонууга укугу жок.

12.3 Картанын сүрөтү же скриншоту, же Арзандатууларды берүү жана Бонустарды чегерүү үчүн Мобилдик тиркемеден тышкары, башка мобилдик тиркемелердеги Картанын сүрөтү кабыл алынбайт.

12.4 Сатып алууларга төлөө учурунда өзүнүн Картасын көрсөтпөгөн сатып алуучулар үчүн артыкчылыктар колдонулбайт.

12.5 Кардар кассада ал ээси болбогон Картаны көрсөткөндө, Дүкөндө арзандатууларды берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Эгерде Карта Катышуучунун макулдугусуз үчүнчү жактар тарабынан колдонулуп жатат деп божомолдоого негиздер болсо, Компания Картанын таандыктыгын тастыктоону талап кылууга укуктуу.

12.6 Катышуучунун Картаны үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок.

12.7  Төмөнкү товардык позицияларга Карта боюнча арзандатуулар берилбейт жана Бонустар чегерилбейт: тамеки жана тамеки буюмдары, ошондой эле сатууга турткү берүүгө мыйзам боюнча тыюу салынган башка товарлар. Эгерде товарга минималдуу чекене баа белгиленсе, арзандатуунун өлчөмү ченемдик түрдө белгиленген минималдуу чекене бааларды бузууга жол бербөө үчүн чектелиши мүмкүн.

12.8 Эгерде ушул Эрежелерде же Компания тарабынан өткөрүлүүчү тиешелүү Акциянын эрежелеринде башкача каралбаса, Дүкөндөрдө онлайн сатып алууларды жүргүзүүдө Карта боюнча Бонустарды чегерүү жана Арзандатууларды берүү жеткиликтүү эмес.

12.9 Картанын ээси өзүнүн Картасын башка адамга кайра тариздей албайт.

Купуялуулук саясаты

bottom of page