SPAR`ДЫН ТАРЫХЫ
Дүйнөдөгү эң ири SPAR супермаркеттер тармагы, голланд тилинен которгондо, карагай – көрктүү дайыма жашыл өсүмдүк, Европа элдеринин ыйык дарагы, узак өмүрдүн символу дегенди билдирет.
Аталышынын биринчи тамгаларынан ураан жаралган: «Samenwerken Profiteren Allen Regelmatig» кыскартканда SPAR аббревиатурасы сөзгө айланган: карагай жана балаты тармактын символу болуп калган. Голландиялык ишкер Адриан ван Веллдин кардарларына берген убадасы. Биринчи дүкөндүн ачылышында ал “бул кызматтуушудан бардыгы жеңишке жетет” деген. Дүйнө жүзү боюнча жаңы азык-түлүк супермаркеттерин ачып, SPAR дээрлик 90 жылдан бери ушул принципти карманып келет.
SPAR 1932-жылы Голландияда «De SPAR» деп аталган ыктыярдуу бакалея тармагы катары түзүлгөн. Негизги максаты – Европада ири чекене түйүндөрдүн пайда болушуна жооп катары көз карандысыз дүң жана чекене компаниядардын ортосундагы кооперацияны колдоо.
SPAR – дүйнөдөгү эң ири супермаркеттер тармагы, дээрлик 13 700 дүкөнү бар, күн сайын 9 миллиондон ашык кардарларды тейлейт, анын жүгүртүүсү 27 миллиард евродон ашат. SPAR – бул бир ат менен 48 өлкөдө көз карандысыз дүң жана чекене сатуучулардын уникалдуу ыктыярдуу бирикмеси.
SPAR концепциясы Голландиядан тышкары жакка 1940-жылдардын аягында гана тарай баштаган, Бельгия экинчи өлкө болгон. 1950-жылдары SPAR концепциясы бүткүл Европага тез тарады. 1953-жылы SPAR International түзүлүп, анын биринчи президенти Адриан Ван Велл болгон, а 1957-жылы Голландияда биринчи SPAR эл аралык конгресси өткөн. 1959-жылга карата SPAR командасы 9 өлкөдөн дүң жана чекене сатуучуларды камтыган.
Кийинки 20 жылдын ичинде SPAR Европанын ичинде кеңейе берди, бирок эң негизгиси, ал жаңы континентке кеңейди. 1963-жылы SPAR Түштүк Африка, 1977-жылы SPAR Япония түзүлгөн.
Акыркы 20 жылдын ичинде SPAR`дын кеңейиши өзгөчө бат болду – SPAR Чыгыш Европада жана Аргентина менен Австралиянын башка континенттерине жайылды. Орусияда SPAR 2000-жылы иштей баштаган.
Ураанында айтылгандай эле, дээрлик бир кылымдык тарыхта, SPAR чакан бирикмеден Батыштын гана эмес, Борбордук жана Чыгыш Европанын, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн, Азиянын жана Африканын рынокторун багындырган глобалдык эл аралык тармакка өсүп, дүйнө жүзү боюнча кардарлардын ишенимие ээ болду.
Өткөн жылдын күзүндө эл аралык соода түйүнү Алматы шаарында ачылып, казакстандыктар үчүн эшигин ачты. Анан бир аз убакыт өткөндөн кийин эле SPAR Кыргызстанга келип жатат!
SPAR ЖАҢЫЛЫКТАРЫ