top of page

«Умай Групп»: Кубаныч тартуулоо — биздин жакшы салтыбыз

  • Writer: SPAR
    SPAR
  • Jun 1
  • 2 min read

Булуттардай жумшак таттуу вата, дарыядай аккан лимонаддар, тоодой балмуздактар, кубаныч менен шаңга толгон атмосфера. 1-июнда Ала-Тоо аянты чыныгы балалык өлкөсүнө айланды! Миңдеген кыздар менен уулдардын күлкүсү шаарды нурга бөлөп, атүгүл эң олуттуу чоңдорду да чын жүрөктөн көңүл ачууга шыктандырды. Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ата-энелер күнүмдүк түйшүктөрүн бир азга четке коюп, эң жылуу жана боорукер майрамдын бир бөлүгү болуу үчүн аянтка келишти.

Ал эми мындай майрам “Умай Групптун” катышуусуз өтмөк беле? Компаниянын жамааты бул жолу да өзгөчө аракет кылып, майрамды көркүнө чыгарды.


Алыстан эле көзгө урунган кооз павильон балдардын гана эмес, ата-энелердин да көңүлүн бурду. Кызыктуу сынактар, сүйүктүү каармандар жана, албетте, белектер бул күндү бөбөктөр үчүн дагы да эстен кеткис кылды. Бул жерде күнү бою балдардын шаттуу күлкүсү жаңырып, майрамдык маанай сүйүктүү даамдардын жыты менен айкалышып турду. Ар бир бала өзүн эң башкы жана эң сүйүктүү коноктой сезди. Кичинекей меймандарга ушунчалык жаккандыктан, алардын көбү ата-энелеринен дагы бир аз кармалып турууну суранып жатышты.

Балдар ойноп-күлүп жүргөндө, чоңдор да убакытты пайдалуу өткөрүштү. Алар SPAR, Globus, Достор жана Народный соода түйүндөрүнүн жаңы жана сапаттуу азыктарын жагымдуу баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул болсо майрамдык маанайды дагы да көтөрдү.

Кыргызстандын эң ири ритейлерлеринин бири болгон “Умай Групп” өз ишинде гана эмес, шаардык майрамдардын да ажырагыс бөлүгү болуп келет. Мамлекеттин жана борбор калаанын мэриясынын демилгелерин колдоо компания үчүн жакшы салтка айланган. Спорттук мелдештер, марафондор, улуттук майрамдар, концерттер жана экологиялык акциялар – бардык жерде “Умай Групптун” командасын көрүүгө болот.

Бүгүнкү күндө “Умай Групп” өзүн өзүнчө таанытууга муктаж эмес. Globus, “Народный”, SPAR жана “Достор” тармактарына караштуу 165тен ашуун дүкөнгө күн сайын 300 миңден ашык кардар келет. Бул компаниянын рынокто гана эмес, кыргызстандыктардын жүрөгүндө да өз ордун тапканын далилдейт.

Мындан тышкары, компания жыл сайын өлкө бюджетине болжол менен 2 миллиард сом которуп, республиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет. Бул анын жарандарга болгон чыныгы камкордугун жана жоопкерчилигин көрсөтөт.

“Умай Групптун” алдыда дагы чоң максаттары бар. Компания өсүүнү, өнүгүүнү жана өлкө үчүн мындан да көп пайдалуу иштерди жасоону көздөйт. Ал эми жаңы ийгиликтерге дем берип, шыктандырган эң чоң күч – бул бактылуу балдардын жүзүндөгү жылмаюу, шаттуу күлкү жана миңдеген кыргызстандык бөбөктөрдүн кубанычы. 



 
 
bottom of page