top of page

Панкейктер (Америка куймагы)

Writer's picture: SPARSPAR

SPAR «Ашкана» ашпоздорунун эң мыкты рецепттери менен тамак жасаңыз.

Эртең менен туура тамактанууга, топуктуу түшкү тамакка же үй-бүлөлүк кечки тамакка идея табыңыз!


Эртең мененки тамак – бул тамактануунун эң маанилүү бөлүгү жана, албетте, таңды даамдуу, топуктуу тамак менен баштоо абдан жагымдуу. Таңкы маанайыңызды биз менен түзүңүз!




Панкейктер (Америка куймагы)

Жумшак, таттуу, даамдуу панкейктер (pancakes) деп аталган Америка куймактары бал менен жакшы кетет. Панкейктер чоңдорго да, балдарга да жагат. Сүт кошулган куймак сонун эртең мененки тамак болот. А бардык азыктарды SPAR`дан сатып алсаңыз болот.


Керектелүүчү азыктар:

Сүт – 200 мл

Буудай уну – 10 чоң кашык

Көптүргүч – 1 чай кашык

Шекер – 2 чоң кашык

Ваниль канты (каалооңузга жараша) – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

2 жумуртка менен 200 мл сүттү аралаштырыңыз. Андан кийин 2 чон кашык кант жана ваниль кошуңуз. Жылмакай болгуча чалыңыз. 10 аш кашык ун жана көптүргүчтү кошуңуз. Жакшылап аралаштырыңыз. Камыр орточо коюу болуп чыгышы керек.

Түбүнө тарттырбаган катмары бар табаны ысытыңыз. Кичинекей чөмүчтүн жардамы менен камырды кургак табага куябыз. Капкагын жаап, орточо отто панкейктерди кууруп алабыз.

Панкейктердин үстүнкү бети майда тешиктүү болуп, ошону менен катар нымдуу болуп калганда оодарыңыз. Куймактарды эки жагын кызарганча бышырып алабыз.

Даяр панкейктерди тарелкага үстү-үстүнө тизиңиз. Панкейктерди дасторконго бал менен бериңиз. Жаңгактарды ​​кошсоңуз да болот.


Тамагыңыз аш болсун!


bottom of page