SPAR`ДА ДАЯРДАЛГАН
SPAR тармагынын айырмаланып турган өзгөчөлүгү – бул ар бир адам үчүн жеткиликтүү баада европалык сапаттагы жеке соода маркалары жана өзүнүн даяр тамак-аш өндүрүшү. SPAR «Ашканасынын» ашпоздору табигый азыктарды гана колдонуу менен, эң майда деталдарга басым жасоо менен, атайын рецепттер боюнча ачык кулинардык станцияларда тамак жасашат.
Алардын SPAR наабайканаларында даярдалгандарды кадимки эле "нан азыктары" деп атоого болбойт. Бул жасалма кошулмаларды колдонбостон, эл аралык технологияларга жана стандарттарга ылайык, табигый азыктардан эксклюзивдүү рецепттер боюнча даярдалган кол өнөрчүлүк менен бышырылган нан азыктары.
SPAR`да сиз өздүк өндүруштө жасалган жумшак жана даамдуу токочтордун жана торттордун даамын татып көрө аласыз. Ар дайым жаңы, даамдуу, ар кандай толтурмасы менен. Кыргызстандын SPAR кондитерлери өз ишинин чыныгы мастерлеринин жетекчилиги астында окуудан жана стажировкадан өтүштү.
SPAR «Ашканасынын» ачык кулинардык станциялары өзгөчө көңүл бурууга арзыйт, анын аркасында кардарлар ар түрдүү тамактар кандай даярдалганын көрө алышат: жыпар жыттуу палоо, пицца, боорсок, куймак, гриль, суши жана башка көптөгөн тамактар.
SPAR`дан сиз ар дайым даамдуу жана топуктуу тамактардын кеңири ассортиментин таба аласыз: пайдалуу эртең мененки тамактар жана толук кандуу бизнес-ланчтар, өзгөчө салаттар жана закускелер, ар кандай гарнирлер, түшкү тамакты, кечки тамакты же майрамдык дасторконду тейлөө үчүн идеалдуу улуттук тамактар.
SPAR`ДА ЭКСКЛЮЗИВ
Тармактын аны башка тармактардан айырмалап турган негизги өзгөчөлүктөрү – бул SPAR дүйнөлөрү.
SPAR супермаркеттери – бул табигый азыктарды колдонуу менен европалык рецепттер боюнча даярдалган нан азыктарынын жана жыпар жыттуу нандардын, кулинариянын, кондитердик азыктардын, жашылча-жемиштердин дүйнөлөрүнүн бир түрү. SPAR өздүк соода маркалары – бул ар бирибиз үчүн эң сонун тандоо. Жогорку сапаттагы товарлардын кеңири ассортименти сиздин бардык муктаждыктарыңызды канааттандырат. Бул биздин европалык өнөктөштөрдүн продукциясы, алар биздин кардарларга гана жеткирилет жана баа-сапат катышы боюнча аналогу жок.
Мындан тышкары биз өздүк өндүрүшүнүн жогорку сапат стандарттарын тастыктаган жана эл аралык бренддин логотиби астында товарларды чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар Кыргызстандагы өндүрүүчүлөрдүн SPAR бренди менен азыктардын линиясын сунуштайбыз.
SPAR`дын дагы бир негизги өзгөчөлүгү – анын тамактар боюнча даяр чечимдери. Дүкөнгө кандай максат менен келгениңизге карабастан – кеңсеге алып барып жей турган жеңил эртең мененки тамактар жана түшкү тамактар болобу же майрамдык дасторкондун толук кандуу сервировкасы. SPAR «Ашкана» – бул жаңы жана өзгөчө нерсеге буюртма берүү мүмкүнчүлүгү менен толукталган даяр тамактардын чоң тандоосу. Мындан тышкары SPAR «Ашкана» кардарларга тандаган тамактары кантип жана кандай азыктардан жасалганын байкоого уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Бардык процесс ачык кулинардык станцияларда ишке ашат.
SPAR БИРГЕ ДАЯРДАЙБЫЗ
SPAR «Ашкана» ашпоздорунун эң мыкты рецепттери менен тамак жасаңыз. Эртең менен туура тамактанууга, топуктуу түшкү тамакка же үй-бүлөлүк кечки тамакка идея табыңыз!
АТАЙЫН СУНУШТАР
SPAR мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн атайын сунуштарыбыз: Сиздин өзгөчө артыкчылыктардан жана укмуштуудай арзандатуулардан колдоно алуу мүмкүнчүлүгүңүз!
SPAR КЛУБУ
Тиркемени орнотуп, SPAR Кыргызстан клубуна кошулуңуз!
SPAR клубу – бул SPAR супермаркеттер тармагынан сатып алууну мүмкүн болушунча пайдалуу кылган кардарларыбыз үчүн арзандатуулардын жана бонустардын системасы.
Сатып алуулар үчүн белектерди, атайын арзандатууларды жана жеке сунуштарды алыңыз.
Ошондой эле:
– Бонустарды топтоп, алар менен сатып алууларды жүргүзүңүз, 1 бонус = 1 сом.
– Байге утуштарына катышыңыз.
– "Сүйүктүү товарлар" үчүн купондорду тандаңыз.
– Сатып алуулар үчүн кошумча бонустарды алыңыз.
SPAR биргеликте жакшыраак!
* SPAR МПсынын колдонуучулары үчүн атайын сунуш
SPAR ДҮКӨНДӨРҮНҮН ДАРЕКТЕРИ
Жашыл карагайды ээрчип, өзүңүздүн SPAR`ды табыңыз.
SPAR №1: Бишкек ш, Чүй проспекти, 162
SPAR №2: Балыкчы ш., Абдрахманов к., 11а
SPAR №3: Бишкек ш., Ахунбаев к., 134
SPAR №4: Бишкек ш., Московская к., 58
САПАТ КЕПИЛДИГИ
Система контроля качества. Кыргызстандагы SPAR тармагынын негизги максаттарынын бири – SPAR «Ашканасынын» ашпоздору тарабынан даярдалып жана сатылып жаткан азыктардын сапатына кепилдик берүү.
Тармакта атайын бөлүм бар, анын милдети тармактын өндүрүштүк жана операциялык процесстеринин бардык этаптарында санитардык көзөмөлдү ишке ашыруу болуп саналат. Дүкөндөрдүн санитардык нормалардын сакталышын камсыз кылуу үчүн текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат: соода аянттарында, муздаткычтарда жана прилавкаларда тазалыкты сактоо, товарлардын жайгашуу катарынын туура келиши жана гигиеналык талаптардын сакталышы. Бөлүмдүн кызматкерлери күн сайын санитардык нормалардын сакталышын текшерип, эрежелердин бузулушун болтурбоо боюнча дүкөндөрдүн директорлоруна сунуштарды беришет. Мындан сырткары ISO 2200-2005 «Кыргыз Республикасындагы тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун стандарттарын башкаруу тутумдары жана ХАССП принциптерин (коркунучтарды талдоо жана критикалык көзөмөлдөө пункттары) киргизүү менен талаптарга ылайык, «Умай Групп» компаниясында (SPAR тармагынын Кыргызстандагы расмий өкүлү) өзүнүн санитардык-бактериологиялык лабораториясы иштейт, ал SPAR «Ашканасынын» азыктарынын сапатын көзөмөлдөйт. Ар бир партиядан алынган продукциянын үлгүлөрү лабораториянын аймагындагы адистештирилген бөлмөдө сакталат. Сактоо продукцияны сатуудагыдай эле шарттарда, б.а., температуранын, нымдуулуктун ж.б. режимдерин сактоо менен. Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин үлгүлөр лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, анын жыйынтыгы технологдорго жөнөтүлөт. Андан кийин, зарыл болсо, технологдор өндүрүш процессине байланыштуу кошумча чечимдерди кабыл алышат. Ошондой эле жабдуучулардын тармагы аркылуу жеткирилген товарларга тандалган текшерүүлөр жүргүзүлөт. Кыргызстандагы SPAR тармагы өзүнүн дүкөндөрүндө сатылып жаткан бардык товарлардын жана азыктардын сапатына кепилдик берет. 1932-жылдан бери салттарды сактап келебиз.